Өмүрбек Бабановду колдогондордун катары калыңдоодо (видео)

916

Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, ал эми бул ишти ачуу үчүн негизсиз айыптоолорду ойлоп тапкандар мыйзам алдында жооп берүүлөрү зарыл. Мындай пикирлерин бир катар эксперттер, коомдук ишмерлер айтышууда. Саясий талдоочулардын айтымында, тергөө органдары коомдун пикири менен да эсептешүүлөрү зарыл.

Ал эми өткөн аптада Бабановдун иши тууралуу маселени карабай койгон парламентке элдин ишеними ого бетер төмөндөдү, дешет эксперттер. Кээ бир эл өкүлдөрү Жогорку Кеңеш айрым учурларда өз позициясына бекем тура албай жатканын ачык эле айтып чыгышууда.