Өмүрбек Бабановдун иши боюнча пикирлер (видео)

1187

Өмүрбек Бабановго калыс жана адилет мамиле кылуу керек. Ага карата козголгон кылмыш иштери тез арада токтотулуп, анын өлкөгө кайтып келишине жол ачуу учурдун талабы. Бул тууралуу эксперттер жана саясатчылар айтышууда. Ошондой эле, коомчулуктун калың катмарында Өмүрбек Бабановго карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгогондордун өздөрүн жоопко тартуу керек, деген пикирлер айтылып жатат.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына маек куруп, бир жыл мурда Өмүрбек Бабановго саясий негиз менен кылмыш иши козголгонун моюнга алган.