Өмүрбек Бабановдун реформаларынын үзүрү (видео)

956

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 1 ай ичинде 12 миң айдоочу 17 миллион сомдон ашуун айып төлөдү. Бул программанын биринчи фазасынын гана жыйынтыгы. Алдыда экинчи этапты жүзөгө ашыруу турат. «Коопсуз шаар» долбоору 2012-жылы демилгеленгенде эле ишке ашканда азыр жолдо тартип орноп, көп аварияларды алдын-алууга болмок.

Муну ишке киргизүү 7 жылга созулуп, жакында эле жүзөгө аша баштады. Ортодон программанын атын «Акылдуу шаар» деп өзгөртүп да көрүштү, бирок жумуш ордунан жылбай келген. Ал эми «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү биринчи жолу Өмүрбек Бабановдун өкмөтү учурунда демилгеленген.