Өмүрбек Бабановдун саясатта басып өткөн жолу (видео)

686

Өмүрбек Бабановдун акыркы чечимин терең түшүнбөгөндөр, аны катуу сынга алышууда. Бирок ал Кыргызстандагы туруктуулук үчүн өз кызыкчылыгын курмандыкка чалды, дешет эксперттер. Өмүрбек Бабанов буга чейин эле өлкөнүн пайдасы үчүн кескин чечимдерди кабыл алып келген.

Ал саясатка 2005-жылы келип, бул убакыт аралыгында өзүн мыкты лидер катары көрсөтө алды. Бабанов өз кызыкчылыгын артка калтырып, айрым адамдардын саясий тепкичте көтөрүлүшүнө жол бошоткон учурларын көпчүлүк унута элек. Бакиевдин бийлиги учурунда конституциялык реформаны талап кылган митингтердин башында Өмүрбек Бабанов турган.