Өмүрбек Бабановдун үйүнө түнү белгисиз бир адам кирди

891

Президентикке талапкердин штабынын билдирүүсүндө, «Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун үйүнө белгисиз адам 10-октябрда түнкү саат 3.00 кирген. Бирок күзөт кызматы тарабынан кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Кармалган адам Казакстандын жараны, 26 жаштагы Шутов Антон Геннадиевич экени такталган. Бирок Бабановдун үйүно эмне максатта киргени азырынча белгисиз. Аладын ала маалыматтар боюнча, Антон Шутов буга чейин Раим Матраимовдун үйүндө иштеген.