Өмүрбек Бабановдун жаштарга берген деми (видео)

762

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин ишке ашыра турган долбоорлору тууралуу да ой бөлүшкөн. Ал атайын фонд ачууну пландап жатканын айтты. Фонд жаштардын чет өлкөдө билим алуусуна шарт түзөт. Өмүрбек Бабанов буга чейин эле окуучулардын билим алуусуна өзгөчө маани берип келген.

Ал Талас областынын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылына лицей ачкан. Учурда анда Талас областынын айылдарынан тандалып алынган 160 бала окуйт. Алар республикалык олимпиадаларда, ар кандай кароо-сынактарда мыкты жыйынтыктарга жетишип келет. Анда бардыгы болуп 22 мугалим эмгектенет.