Өмүрбек Бабановго иш козгоо – саясий буйрутма болгон (видео)

914

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши саясатка негизделгени башынан эле белгилүү болчу. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары болгону муну тастыктады. Мындай пикирлерин коомчулукка белгилүү саясатчылар, талдоочулар, окумуштуулар айтышууда.

Адистер юридикалык жактан алганда Оң-Адырдагы үгүт учурунда айтылган сөздөрдө мыйзамга каршы чакырыктар байкалбаганын белгилешүүдө. Мындан улам акыйкаттык тезинен орноп, тескерисинче саясий куугунтукка буйрук бергендерден баштап аны аткаргандарга чейин жоопкерчиликке тартылсын деген пикирлер коомчулукта күч алууда.