Өмүрбек Текебаев абактан качан чыгат? (видео)

1713

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин иши кайрадан каралып чыгышы керек. Мындай талапты анын тарапташтары айтышууда. Алардын пикиринде, буга кылмыш иши боюнча пайда болгон жаңы жагдайлар негиз берет. Алардын баары — россия жараны Леонид Маевскийдин берген көрсөтмөлөрүнө байланыштуу экен. Өткөн ишембиде Жогорку Кеңешке 6 жолу депутат болуп шайланган саясатчы 60 жашка чыкты.

Ден соолугуна байланыштуу абактан Улуттук кардиология борборуна убактылуу которулган Текебаевди куттуктап келгендер арбын болду. Аларга Өмүрбек Чиркешович ага кандай мамиле жасалып жатканын жана эмнени сагынганы тууралуу айтып берди. Ошондой эле, саясий мүнөздөгү билдирүүлөрү жасады.