Өмүрбек Текебаев Алексей Модинге каршы арыз жазды (видео)

582

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо 1-октябрда уланат. Жараян Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталып, бирок күбөлөр келбегендигине байланыштуу кийинки айга жылдырылды.

Ошондой эле, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага каршы көрсөтмө берген Алексей Модиндин үстүнөн милицияга арыз жазды. Экс-депутат россиялык ишкерди жоопко тартууну талап кылууда.