Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып алабы? (видео)

4007

Өмүрбек Текебаев үчүн депутаттык орун бошоду. Бирок БШКда кворум жок. Садык Шер Нияз мандаттан баш тартып, ордун Текебаев үчүн бошотуп берээрин билдирди. Анын арызы 13-октябрда каралмак. Бирок БШК мүчөлөрүнүн көбү жыйынга келбей, кворум топтолбой калды. Мындан улам бул суроо ачык бойдон турат.

Үч жыл мурда Өмүрбек Текебаевге карата соттун өкүмү чыккандан кийин ал мандатынан ажыратылган. Бирок былтыр бардык чечимдер жокко чыгарылып, иш кайра башынан каралып жаткандыктан Текебаев депутаттык ыйгарым укуктарын кайтарып алууга мыйзам жол берет экен.