Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралат (видео)

680

Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин кайрадан карап чыга турган болду. «Ата Мекен» партиясынын башчысынын адвокаттары жолдогон арызда кылмыш ишине байланыштуу жаңы жагдайлар ачылганы айтылган. Текебаевдин иши боюнча соттук жараян 23-апрелге белгиленди.

Ал арада, айрым эксперттердин пикиринде, ал процесс Атамекенчилер үчүн ийгиликтүү аяктайт дегенге толук кепилдик жок. Айрым юридикалык шарттар Текебаевдин эркиндикке чыгышына тоскоолдук кылышы мүмкүн экен. Буга убагында тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген парламенттеги социалисттер өздөрү себепкер, дешет адистер.