Өмүрбек Текебаевдин ишин кайрадан кароо 23-апрелге белгиленди

685

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

«Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо чечимин кабыл алды. Сот жараяны 23-апрелге дайындалды.

«Ата Мекен» партиясынын абактагы төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо үчүн «Адилет» укук клиникасы 15-февралда Жогорку сотко өтүнүч келтирген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана парламенттин төрт жолку чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин 1 миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, 8 жылга соттолгон.

Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.