Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо 3-майга жылды (видео)

822

Эки айдан бери көпчүлүк күтүп жаткан соттук кароо болгон жок. Жогорку сотто «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин териштирүү башталбай жатып жылдырылды. Буга прокурордун 8 томдук иш менен тааныша элекмин деген жүйөөсү себеп болду.

Мындан улам, соттук коллегия коомчулуктун кызыгуусун жараткан ишти 10 күндөн кийин кароо чечимин чыгарды. Бул Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарынын нааразычылыгын жаратты. Буга чейин анын адвокаттары жаны ачылган беш жагдай пайда болду деп Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча өтүнүч келтирген.