Өмүрбек Текебаевдин омурткасына операция жасалат

699

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев операцияга даярдалууда. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирген.

Анын айтымында, Текебаевдин омурткасына операция жасалат. Буга чейин Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Травматология жана ортопедия борборуна июндун аягында которулган.

Жогорку сотто Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо башталды. Бирок төрагалык кылуучу судьянын «иш көлөмдүү, таанышууга убакыт керек» деген негиздемесинен улам соттук териштирүүнү 21-августка жылдырылган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.