Өмүрбек Текебаевдин сотунда ызы-чуу чыкты (видео)

886

Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов камакта калтырылды. Акыркы чечимди Жогорку сот чыгарды.

Соттук жараянда айыпталуучулардын жактоочулары жаңы ачылган жагдайлардан улам, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберүүнү суранышты.

Бирок соттук коллегия алардын өтүнүчүн толугу менен канаттандырган жок. Болгону Текебаев менен Чотоновдун үй-мүлкүнө коюлган арест алып салынды.