Оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат

2368

2018-жылдан тарта оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат. Буга байланыштуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эскерте кетсек, оң рулдуу автоунаа ээлерине мындай чектөөлөр 2020-жылдан тарта киргизилмек.

Бирок Ички иштер министрлиги эки жыл эртелей баштоону демилгелеп жатат. Мунун себебин жол кырсыктарынын санын азайтуу аракети деп түшүндүрүүдө. Жаңы жылдан тарта оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөткөндөргө биринчи жолу 2 миң сом айып салынат, бирок мыйзам бузуу кайталанса, 3 миң сом штраф төлөйт же айдоо укугунан ажыратылат. Мындан тышкары, жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөтүү каралып жатат.

Алсак мас абалында унаа башкаргандарга 30 миң сом айып салынат жана эки жылга айдоо укугунан ажыратылат. Ал эми ылдамдык режимин бузгандарга штрафтын өлчөмү 8 миң сомго чейин болот. Светофордун кызылынан өтүп кеткендерге да айып пул эки эсеге жогорулайт.