Оң рулдуу таксиге 4 айдан кийин тыюу салынат (видео)

114

2018-жылдан тарта оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат. Буга байланыштуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эскерте кетсек, оң рулдуу автоунааларга мындай чектөөлөр 2020-жылдан тарта киргизилмек. Бирок Ички иштер министрлиги эки жыл эртелей баштоону демилгелеп жатат. Мунун себебин жол кырсыктарынын санын азайтуу аракети деп түшүндүрүшүүдө. Жаңы жылдан тарта оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөткөндөргө биринчи жолу 2 миң сом айып салынат. Эгер мыйзам бузуу кайталанса 3 миң сом штраф төлөйт же айдоо укугунан ажыратылат. Мындан тышкары, ушул эле документ менен жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөтүү каралып жатат. Алсак, мас абалында унаа башкаргандарга 30 миң сом айып салынат жана эки жылга айдоо укугунан ажыратылат. Ал эми ылдамдык режимин бузгандарга штрафтын өлчөмү 8 миң сомго чейин болот. Светофордун кызылынан өтүп кеткендерге да айып пул эки эсеге жогорулайт.

comments powered by HyperComments