Оң рулдуу таксилердин айдоочулары ишсиз калабы? (видео)

3974

Айдоочулар оң рулдуу таксилердин иштөөсүнө тыюу салууну жокко чыгарууну талап кылышууда. Анткени жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус жана жеңил унаалардын 90 пайызы дал ушундай машиналар. Алсак, Бишкек шаары боюнча жалпысынан 138 такси кызматы болсо, андагы 7 миңдей унаа — оң рулдуу экен.

Андыктан коммерциялык негизде иштеп жаткан мындай унааларга тыюу салынса, айдоочулардын көпчүлүгү ишсиз калат деген кооптонуулар бар. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бул демилгени 2025-жылга чейин жылдырууну сунуштап жатышат.