Оң рулдуу унаалардын таксисттери эми эмне кылат? (видео)

905

Шаар ичинде оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга уруксаат берүү керек. Ал эми эл аралык же шаар аралык каттамдарда жүргүнчү ташууга тыюу салуу зарыл. Мындай сунушту такси кызматын көрсөтүү ассоциациясы айтууда. Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги жол кырсыктарын азайтуу максатында оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга 2020-жылдан эмес, 2018-жылдан тарта тыюу салуу аракетин кылууда. Адистердин айтымында, учурда такси кызматын көрсөткөндөрдүн 80 пайызын оң рулдуу унаа айдашат. Документ жакынкы арада ишке кирсе, алар жумушсуз калышы мүмкүн. Ошондой эле, тартип сакчыларынын документти тез арада ишке киргизүү сунушуна айрым жарандык активисттер каршы чыгып, кол топтой башташкан.