Он жылдап курулуп бүтпөгөн мектептер (видео)

1780

Учурда өлкө боюнча 245 мектеп авариялык абалда турат. Быйыл жаңы окуу жылына карата болгону 3 билим берүү жайы толук салынып бүтүп, кийинки аптада окуучулар үчүн өз эшигин ачары күтүлүүдө. Ошондой эле жыл аягына чейин дагы 84 мектеп бүткөрүлүп, улан-кыздарды кабыл алат деп убадаланууда.

Ал эми калган билим берүү мекемелеринин курулуш иштери каражаттын тартыштыгынан улам токтоп турат. Айрым окуу жайлар 10 жылдап бүтпөй жаткандыктан, башка мектептер 4 эсе көп окуучуну кабыл алууга мажбур болууда.