Ондон ашык кесип ээлерин чагылдырган фото-көргөзмө (видео)

1661

Алыскы аймактардагы айыл турмушу, маңдай тери менен күнүмдүк тирилигин кылган карапайым эл жана алардын үмүтү. Бишкек шаарында дал ушундай сүрөттөрдүн топтомунан турган «Кыргыз элинин тынчсыздануусу жана үмүтү» аталышындагы фото-көргөзмө өтүүдө.

Иш-чара Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улутттук сүрөт өнөр музейинде уюштурулуп, анда Гүлиза Урустамбек кызынын 50дөн ашык эмгектери коюлган. Эми бул көргөзмө 8-декабрга чейин уланып, анда көрармандар, шахтачылардын жашоосунан тарта, учурдагы экология көйгөйүнө чейин тааныша алышат.