Оңдоо иштерине байланыштуу Киров суу сактагычындагы суу кое берилет

1150

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынын плотинасын оңдоо жана бекемдөө максатында 18-октябрдан тарта анын чөйчөгүн бошотуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги маалымдады. Ага ылайык, чөйчөктөгү суу түбүнө чейин агызылат.

Суу сактагычтан суу кое берилери тууралуу маалымат анын төмөн жагындагы Талас облусунун Манас районуна жана Казакстандын Чу-Талас аймагындагы суу инспекциясына айтылган.

Кыргызстан Киров суу сактагычындагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат, калганын келишимдин негизинде Казакстан колдонот.

Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган.