Өндүрүш кырсыгынан жабыркагандардын укугу корголобу? (видео)

635

Өндүрүш кырсыгынан жабыркагандар укуктарынын корголбой жатканын айтып чыгышты. Окуя 9-апрелде Сокулук районунун Шопоков шаарындагы арматура чыгарган заводдо болгон. Анда темир ээриткен меш жарылып, эки жумушчу ар кандай жаракаттарды алган. Жабырлануучулардын бири үйүндө дарыланып жатса, экинчисинин денесинен темирдин калдыктары толук чыгарыла элек.

Жабыркаган тарап окуя иш учурунда болсо дагы, заводдун жетекчилиги аларга жардам көрсөтпөй жатканын айтышты. Ишкана жетекчилиги болсо, көмөк көрсөтүлүп жатканын билдиришти. Бул окуяны милиция менен Экотехинспекциясы иликтемей болду.