Өндүрүш жана ишердикти өнүктүрүү комитети түзүлдү (видео)

668

Кыргызстанда өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жаңы комитетти мамлекет башчысы өзү жетектейт. Бул мекеме келерки жылдын январь, февраль айларында алгачкы отурумун өткөрүп анда инвестициялык климатты жакшыртуу, аймактар арасындагы атаандаштыкты арттыруу багытында сунуштар иштелип чыгат.

Андан соң алар квартал сайын чогулуп, тармактагы көйгөйлөрдү талкуулап, аны чечүүнүн жолдорун издешет. Мамлекет башчынын деңгээлинде мындай комитеттин түзүлүшү өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзөт деген ишенимди арттырууда.