Өндүрүшү өргө чапкан ишкана (видео)

1037

Жылына бир миллион тонна цемент, 450 жумуш оруну жана жүздөгөн миллион сом салык төлөмдөрү. Мунун бардыгы өндүрүшү кеңейген «Курулуш материалдарынын түштүк комбинатынын» көрсөткүчтөрү. Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Ош областынын Араван районундагы цемент заводунда жаңы өндүрүштүк линиянын салтанаттуу ачылышы болду.

Бул ишкананын кубаттуулугун арттырууга 86 миллион АКШ доллары жумшалган. Комбинат чыгарган продукцияга болгон суроо-талап өсүп жатат. Аравандын цементи Кыргызстанда гана сатылбастан, кошуна өлкөлөргө дагы экспорттолот.