Онкология Улуттук борборунун балдар бөлүмүнө 2,4 млн сом бөлүндү

756

Президент Сооронбай Жээнбеков Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар бөлүмүнө дары-дармектерди сатып алуу үчүн 2,4 млн сом бөлдү.

Бул чечим республикалык бюджеттен бөлүнгөн сумма керектөөнү толук көлөмдө канааттандырбагандыктан, ал эми балдарды комплекстүү дарылоо жогорку технологиялык жана кымбат дарылоону талап кылгандыктан кабыл алынды.

Сооронбай Жээнбековдун атынан бөлүнгөн акчаны жана ооруканада дарыланып жаткан балдарга арналган белектерди Президенттик Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев тапшырды.