Онкологиялык ооруга кабылган бейтаптарды бекер дарылоо токтойбу? (видео)

1063

Онкологиялык илдеттерди дарылоодо «бекер» деген түшүнүк эми жоюлушу мүмкүн. Буга байланыштуу мыйзам долбоору бүгүн парламентте талкууланып, анда саламаттыктык сактоо министри тармакты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасына өткөрүү керектигин билдирди. Анын айтымында, мындай кадам аркылуу тутумду жакшыртуу максаты коюлган. Ошол эле убакта, бул сунуш көп депутаттарга жага берген жок. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, колунда жок бейтаптарга мамлекет тарабынан кандайдыр бир жеңилдиктер каралышы керек. Анын үстүнө, оор илдетке кабылгандардын дары-дармектери бардык эле аптекалардан табыла бербейт.