Онкологиялык оорусу бар балдардын билим алуусу үзгүлтүккө учурады (видео)

2222

Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунда дарыланып жаткандарга 5 айдан бери сабактар өткөрүлбөй жатат. Буга аталган оорукананын жетекчилиги окуу классын жаап, мугалимди бейтапканага киргизбей жатканы себеп болуп жатыптыр. Мындан улам, бөбөктөрдүн билим алуу укугун коргоп берүү өтүнүчү менен коомдук фонддун өкүлдөрү жана педагогдор Башкы прокуратурага кайрылганы белгилүү болду.

Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун жетекчилиги болсо агартуучулар тарабынан санитардык эрежелер сакталбай жаткандыктан, ушундай кадамга барганын айтууда. Бүгүн мугалимдер оорукананын ичине кирүүгө аракет кылышты.