Онлайн окутуунун сапаты начар. Ата-энелердин арыз-муңу күчөдү (видео)

3742

Коронавирус пандемиясынан улам балдары менен үйдө отурууга аргасыз болгон ата-энелердин нараазычылыгы күчөдү. Айрымдары аралыктан билим алуунун сапатына көңүлү толбосо, балдарын бала бакчага бере албай жүргөндөр арбын.

Анткени мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү мекемелери санитардык эрежелердин баарын аткара албагандыктан иштөөсүнө уруксат бериле элек.

Ал эми талаптарга жооп берген жеке менчик бала бакчалар бөбөктөрдү кабыл алышууда. Бирок ал жакка балдарын алып барууга баарынын эле финансылык мүмкүнчүлүгү жок.