Онлайн окуунун ордуна акча табуу менен алектенген жеткинчектер (видео)

1904

Милиция кызматкерлери билим албай иштеп жүргөн балдарды аныктоо боюнча 3 күндөн бери рейд жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен 46 жеткинчек табылды. Алар унаа жуучу жайларда жана таштанды полигонунда иштеп жүрүшкөн.

Арасында аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккандар басымдуулук кылат. Көпчүлүгү аралыктан билим алууга шарты жок болгондуктан, акча табуу үчүн жумушка орношушкан.