Өнөр-жай комитетинин кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

587

Уруксат кагаздарын мыйзамсыз берген деп шектелип, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин бир катар кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Ош областынын Өзгөн районундагы ак таш өндүргөн «Сары-Таш» кенине баштапкы наркы 100 миң долларды түзгөн аукцион жарыяланып, бирок кардарлар болгон жок деген себеп менен өтпөй калган. Кийинчирээк ал боюнча протоколдогу айрым комиссия өкүлдөрүнүн колдору жасалма экени белгилүү болгон.

Ошондой эле, 2 компаниядан арыз түшкөнүнө карабастан, мекеменин өкүлдөрү аталган кенди түз сүйлөшүү жолу менен сатып жибергени белгиленген. Мунун жыйынтыгында өлкө бюджетине келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 6 миллион сомду түзгөн.

Бул окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «уруксат кагаздарын берүүдө кызмат абалын туура эмес пайдалануу» жана «кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.