Өнүгүүгө тең укуктуу өнөктөштүк аркылуу (видео)

1814

Бишкекте ЮСАИДдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында «Өнүгүүгө — тең укуктуу өнөктөштүк аркылуу» аталыштагы конференция болуп өттү. Иш-чарага өлкөнүн булуң-бурчунан келген жергиликтүү кеңештин айым депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова катышты.

Негизги максат — аялдардын жергиликтүү кеңештерге катышуусуна жардам берүү, айым лидерлерди колдоо менен алардын коомдогу ордун тереңдетүү болуп саналат.