Ооган ардагеримин деп алдап, жөлөк пул алып жүргөндөр (видео)

685

20 жылдан бери миллиондогон сом каражаттар алдамчыларга сарпталып турган. Кыргызстанда 159 адам ооган согушунун ардагеримин деп мамлекеттен жөлөк пул алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссиянын корутундусунда айтылат. Жасалма документ менен жылына мамлекеттик бюджетке 11 миллион сом зыян келтирилип турган. Учурда бул материалдар аскер прокуратурасынын кароосунда. Адистердин айтымында, бул көз боемочулукка эң ириде аскер комиссариатында иштегендердин салымы чоң.