Ооганстан: ИМ жоочулары Тажикстан чек арасына жакын аймактарга топтолууда

1012

«Ислам мамлекети» террордук тобу Ооганстандын түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарында, анын ичинде Тажикстан чек арасына жакын жерлерде жаңы машыгуу базаларын түзүүдө. Бул тууралуу Ооганстан Коргоо министрлигинин генералы Алимухаммад Ахмадзай билдирди.

«Учурда Бадахшан, Фарьяб жана Жүзжан провинцияларында ИМ тобунун жоочуларынын топтолуп жатканы байкалууда. Ал жактарда согушкерлер чет өлкөлүк «кеңешчилердин» жетекчилиги алдында машыгып жатышат. Өкмөттүк күчтөр эл аралык коалиция менен биргеликте аларга каршы бир нече жолу абадан чабуул жасады, бирок жок кыла алышкан жок», — деп билдирди Ахмадзай.

Буга чейин ооган ИИМи өкмөттүк күчтөр менен эл аралык коалициянын өлкө түндүгүндөгү операциясынын жыйынтыгында ИМ тобу кыйла алсыраганын билдирген. Ооган эксперттеринин айтымдарында, акыркы айларда жоочулар тактикасын өзгөртүп, өкмөттүк күчтөр менен ачык согушка барбоого аракет кыла башташты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.