Ооганстан: талиптер ок атпоо режимин улантуудан баш тартты

716

Ооган талиптеринин өкүлү өкмөт тарабынан сунушталган ок атууну токтотуу режимин улантуудан баш тарты. Бул тууралуу Франс-Пресс агенттиги талиптердин өкүлү Забихуллу Моджахеддинге шилтеме кылып жазды.

Можахед ок атууну токтотуу режими жекшемби кечинде аяктагандан кийин талиптер операцияларын уланта тургандыктарын билдирди. «Биздин ок атууну токтотуу режимин узартуу ниетибиз жок «, – деп билдирди ал.

7-июнда Ооганстандын президенти Ашраф Гани Рамазан айынын урматына бир тараптуу элдешүү жарыялаганын билдирген. Өз кезегинде талиптер өткөн жумада башталган ал элдешүү менен макул экенин белгилеген. Ишембиде Гани ок атпоо режими дагы узартыла турганын билдирген.

Жекшембиде Нангархар провинциясындагы Жалалабад шаарында теракт болуп, кеминде 10 киши каза болгон.