Ооганстанда өлтүрүлгөн ИМ жоочуларынын арасында жети өзбек жараны бар

784

Ооганстандын түндүк-батышында жайгашкан Жаузжан провинциясындагы аба соккуларынан «Ислам мамлекети» тобунун 35 жоочусу өлтүрүлдү.

Жергиликтүү ММКлар «Шохин» деп аталган Ооган улуттук армиясынын маалыматына таянып, дагы 13 жоочу туткунга алынганын жазышты.

Маалыматка караганда, өлтүрүлгөн согушкерлердин арасында Өзбекстандын жети жараны болгон.

Өткөн ишембиде жоочулардын Жаузжандагы позицияларына карата Дарзаб жана Коштепа уездеринин аймактарынан төрт жолу аба соккусу жасалган.