Ооганстанда жанкечтинин чабуулунан ондон ашуун күч кызматкери мерт кетти

923

Кандагар провинциясындагы кол салуу учурунда ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 12 кызматкери мерт кетип, бир нечеси жаракат алды. Полиция кабарлагандай, жанкечти Марух районундагы өкмөттүн жана полициянын башкы кеңселеринин алдында жардыргыч зат толтурулган «Хамви» автоунаасын жардырган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өзүнө алды.

“Талибан” жоочулар Маруф районунун борбордук бөлүгүн басып алганын билдирүүдө. Бирок ооган бийлиги бул маалыматтарды четке кагууда. “Хамви” үлгүсүндөгү миңдей автоунаа АКШ аскерлери тарабынан Ооганстан армиясына берилген. Соңку жылдары “Талибан” кыймылы мындай кымбат баалуу ондогон унааларды тартып алган.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис жана НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбердин 27-сентябрдагы Кабулдагы сапары учурунда козголоңчулар эл аралык аэропорт жайгашкан районго бир нече ракета кое беришкен. Чабуулдар үчүн жоопкерчиликти “Талибан” менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.