Оор кылмышка шектелген адам сот залынан качып кеткенби? (видео)

492

Оор кылмышка шектелген жаран сот залынан качып кеткени кабарланууда. Алгач, буга байланыштуу ар кайсы органдан ар башкача маалыматтар таратылып, жада калса камакка алына турган адам, байкабай үйүнө кетип калышы мүмкүн деген версиялардан бери айтылып кеткен. Окуя Чүй областындагы Аламүдүн райондук сотунда болгон. Бирок кылмышкер качканбы, ага ким жол берген, күзөт кызматкерлери кайда жүргөн деген суроолорго так кесе жооп алуу кыйынчылык жаратты.

Расмий маалымат боюнча, шектүү эки адамдын бири абакка киргизилген. Ал эми экинчисин камакка алалы дегенде таппай калышкан. Дагы бир кызыктуу жагдай: дайыны чыкпай жаткан адамды кармоо операциясы жарыялана элек. Болгону, издөө аракеттери көрүлүп жатыптыр. Аламүдүн райондук сотунда чынында эле эмне болгон?