Оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан кылмышкерди издөө уланууда

995

Оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан Жылдызбек Бекмурзаев жүгөрү талаасына кире качкан боюнча табыла элек. Ош областынын Кара-Суу районунда куралчан жашынып жүргөн кылмышкерди кармоо операциясы уланууда. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, анын жанында эки шериги да бар. Алар жашырынган жүгөрү талаасынын аянты 40 гектар болуп, качкындарды издөө кыйын болууда. Учурда кылмышкерлер бекинген аймак толугу менен курчоого алынды.

Кечээ түштө издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаев милиция кызматкерлери менен бетме-бет келип, аларды атам, деп коркутуп качып кеткен. Ал өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн Казакстанда кармалып, сот Жылдызбек Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан. Бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.

Жылдызбек Бекмурзаев Кыргызстанда жасаган бир нече карактоо, талап-тоноо, уурдоо, киши өлтүрүү иштери боюнча айыпталууда. Ал дин аалымы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө ууруга кирген, Бишкектин борборундагы кытай ресторанын карактаган, Чүйдүн бир айылында акча алмаштыруучу жайды тоногон, деп шектелүүдө.