Оор операцияга чогултулган ири суммадагы акча уурдалды (видео)

2607

Үй-бүлөнүн бөйрөк алмаштырууга деп чогулткан бир миллион сомдон ашык акчасын уурулар жымырып кетип, милиция шектүүлөрдү таппай жатат. Үй ээсинин айтымына караганда, уурулар акчанын кайда турганын так-даана билишкен. Себеби алар эч нерсеге тийбестен, түз эле акча катылган бөлмөгө кирип, алып кетишкен.

Барынан кызыгы, уурулар бул маалда үйдө эч ким болбой турганынан да кабардар болушкан. Ири суммадагы акчаны болсо үй-бүлө мүчөлөрү кайрымдуулук концертин өткөрүп, тууган-туушкандарынан аз-аздан алып жатып чогултушуптур.