Оор турмушта тарбияланып жаткан балдардын маалымат базасы түзүлөт

1170

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жашоо шарты оор үй-бүлөдө чоңоюп жаткан балдардын электрондук маалымат базасын түзүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул аракет ар кандай кырдаалдарды алдын алуу үчүн ыңгайлуу система түзүүгө багытталган.

Тиешелүү ишти мекемелер аралык жумушчу топ колго алмакчы. Электрондук маалымат базасына ата-энеси жок тарбияланып жаткан жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тизмеси киргизилет. Аткаминерлердин айтымында, мындай система балдарга карата зомбулук катталган учурда ыкчам жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.