Оор, жооптуу жана туура чечим (видео)

797

Өмүрбек Бабановдун мекенине кайтышын чыдамсыздык менен күтүп жаткандар анын чукул жана кескин кабыл алган чечимине ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Айрымдары таң калышса, кээ бири анын кадамын кубатташты. Саясий талдоочулардын айтымында, Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен, жаңылышсыз чечимге барды. Анткени аны колдоп чыккандарга чагымчылык уюштуруп, башаламандыктарды жаратууга даяр турган күчтөр бар болчу.

Өмүрбек Бабанов өзүнүн кыраакылыгы, көрөгөчтүгү менен өлкөгө стабилдүүлүктү экинчи ирет сактап кала алды деген пикирлер басымдуулук кылууда. Ошол эле убакта, анын чечимин колдобогондор дагы бар. Бирок абалды үчүнчү күчтөр пайдаланып, башаламандык болуп кетсе, ошол сындап жаткандар жоопкерчилик ала алат беле деген суроо туулат. Албетте, четте туруп алып кооз сөздөрдү сүйлөсө, жараша берет. Ал эми татаал жана туура чечим кабыл алуу — баардык эле саясатчынын колунан келе бербейт.