Оор жүк ташыган айдоочулар өкмөт башчысына кайрылуу жасашты (видео)

712

Кытайга оор жүк ташып иштеген айдоочулар өкмөт жетекчисине кайрылуу жасашты. Алар кошуна өлкөнүн чек арасында бир жолку сапарда эле 2-3 ирет сканер-аппаратынан өтүшөрүн жана бул рентген сыяктуу жабдыктан чыккан нур адамдын ден-соолугуна зыян болушу ыктымал деп кооптонуп жатышыптыр.

Алардын айтымында, бул аппаратка түшкөндөн кийин баштары айланып, колу-буттары ооруганын байкашкан. Мындан улам «Айдоочулар» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү өкмөткө кайрылышып, адистерден так жооп алып берүүсүн өтүнүшүүдө. Буга чейин алар Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышып, бирок андан майнап чыкпаптыр.