Оор жумушка тартылган бели ката элек өспүрүмдөр (видео)

1010

Кыргызстанда эмгекке тартылган жашы жетелектердин көпчүлүгү кара жумуш жасашат. Адатта чоңдор балдарды базарда араба түрттүрүүдө, шахтада, курулуштарга колдонушууда, дешет адистер. Бирок соңку мезгилде жалпысынан өспүрүмдөрдү жумушка массалык түрдө иштетүү учурлары азайыптыр.

Эксперттер бели ката элек балдарга оор жумуш жасатуу алардын ден-соолугу гана эле эмес, психикасы үчүн дагы кооптуу экенин айтышууда. Көпчүлүк учурларда балдардын маңдай тери менен тапкан эмгек акысын бербей көнгөн учурлар да арбын. Ошондуктан алар мамлекеттик органдарга бул жаатта иш алып барып, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жасоо сунушун беришүүдө.