Оорудан ооруканалар толуп калды (видео)

955

Өлкөдө курч вирустук инфекция менен ооругандардын саны өткөн жылдын ушул жумасына салыштырмалуу 6 пайызга өстү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана экспертиза департаментинин жугуштуу оорулардын бөлүм башчысы билдирди. Маалыматтар боюнча, курч вирустук инфекция сасык тумоого окшошуп кеткени менен, алардын айрымасы бар. Гриппти адамдар оор кабыл алышат. Ал эми курч вирустук инфекция жеңилирээк өтөт, дешет дарыгерлер. Мындан улам, учурда өлкө боюнча сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатканы маалым болду. Грипптен жана вирустук инфекциядан өзүңүздү жана жакындарыңызды кантип сактоо керек?