Ооруканада дарыланып жаткан балдар үчүн майрамдык иш-чара (видео)

1431

Майрамдык салтанат Эне жана Баланы коргоо Улуттук борборунда да болуп өттү. Мекемеде дарыланып жаткан балдардын көңүлүн көтөрүү максатында атайын концерттик программа даярдалып, ага жомоктордун каармандарынан тарта, ырчы-бийчилер катышышты. Ошондой эле, мыкты сүрөтчү жеткинчиктерге белектер таратылды. Иш-чарада бул күндү кесиптик майрамдай эле кабыл алышаарын айткан дарыгерлер бөбөктөрдүн ден соолугун коргоо биринчи орунда тураарын белгилешти.