Ооруканадагы жаңжал: тараптар бири-бирин айыптоодо (видео)

1685

№3 балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерине кол көтөрүү боюнча «майда бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. Окуя 21-январь күнү катталып, анда оорукананын кабыл алуу бөлүмүндө нааразы болгон эненин дарыгерди булкуп жиберген видеосу тарады.

Жаңжалдан кийин 5 айлык боюнда бар дарыгер 4-төрөтканага жаткырылган. Эки тарап тең бири-бирине каршы арыз жазганы маалым болду. Дарыгер кол көтөрдү десе, жаш эне педиатр ооруп жаткан баласын карабай, орой мамиле кылганын билдирүүдө. Тиешелүү министрлик болсо окуяга адилеттүү баа берүү үчүн комиссия түзгөнү белгилүү болду.