Ооруканадан дарыланбай эле оору жуктургандар (видео)

640

Бейтапканада бөбөктөргө кызылча илдети жугуп калышына ким күнөөлүү? Ата-энелер дарыгерлерди күнөөлөсө, ак халатчандар — өз балдарынын саламаттыгына көңүлкош мамиле кылгандарды айыптап жатат. Медицина кызматкерлеринин айтымында, кызылча илдетинен сактануу үчүн бөбөктөрдү эмдөөдөн өткөрүү зарыл.

Бирок айрым ата-энелер диний көз караштан улам, балдарына ийне сайдыруудан баш тартышкан. Натыйжада, жугуштуу ооруга кабылгандардын дээрлик 50 пайызын эмдөөдөн өтпөгөн балдар түзүп жатат. Учурда Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында кызылча илдетине кабылган 14 бөбөк дарыланып жатат.