Опера жана балет театрындагы Дота 2 мелдеши (видео)

613

Улуттук академиялык опера жана балет театрында компьютердик оюн өткөрүүгө уруксат бергени үчүн мекеменин жетекчисине дисциплинардык чара көрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Жакынкы арада атайын комиссия театрдын директору Болотбек Осмоновдун жобого туура келбеген аракеттерин изилдейт.

Белгилей кетсек, өткөн ишембиде Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында компьютердик оюн боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Бул көрүнүш маданият адамдарынын гана эмес, катардагы жарандардын да нааразычылыгын жаратты. Мекеме жетекчиси болсо, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтууда.