Оппозиция Петр Порошенконун кызматтан кетишин талап кылууда

633

Украинанын борбору Киевде оппозициялык «Жаңы күчтөр кыймылы» ири нааразычылык акцияларын баштап, алар мамлекет башчы Петр Порошенконун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Маалыматтарга караганда, жекшембиде башталган бул акцияга 10 миңдей адам катышты. Алар Михаил Саакашвилинин өлкөдөн күчтөп чыгарылышына нааразы болушууда. Демонстранттар Михайлов атындагы аянтка жеткенде телефондун үнү катуу чыгарылып, анда Саакашвили өз тарапташтарына кайрылып, «украин элин токтотуу мүмкүн эмес» деп билдирген.

Эске салсак, өткөн аптада саясатчы Михаил Саакашвили Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күч менен салынып, Польшага депортацияланган болчу.